Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эң майда нерселерди (мис. ун, талканды) элөө, суюктуктарды чыпкалоо үчүн көбүнчө кылдан, ичке сымдан токулган, тегерек алкагы бар үй буюму. Унду элек менен элеп жатты. 2. өт. Турмуштун сыноосу. Ээ балам, бул жашка келгенче канча электен өтпөдүм дейсиң («Кыргызстан аялдары»). Жакында жазуучу Насирдин Байтемировдун «Турмуш элеги» аттуу романы жарык көрдү («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Этиш сөзгө кошулуп айтылып, иштин али чечилбегендигин, кыймыл аракеттин толук аяктала электигин көрсөтүү үчүн колдонулат. Кыпчактардын Солтобай, Кыз ала элек кайындап («Олжобай менен Кишимжан). Ал бара элек. Иш бүтө элек.